Connect with us

3-февралда өлкө аймактарында кар жаашы мүмкүн

Кыска кабар | 30 Янв 2023 | 282 | 0

Кыргызгидромет борбору 3-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

30-31-январда жана 1-3-февраль күндөрү Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

31-январда жана 1-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-февралда күндүз жана 2-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

2-февралда күндүз айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.

3-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы ыктымал.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

30-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-январда, 1-февралда жана 2-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-февралда күндүз кар жаашы мүмкүн.

3-февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

31-январда жана 1-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-февралда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.

3-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Талас шаарында күтүлгөн аба ырайы

30-31-январда жана 1-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-февралда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. 2-февралда күндүз жана 3-февралда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

3-февралда күндүз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-январда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

31-январда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-январда күндүз жана 1-февралда жаан-чачын болбойт.

2-февралда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

3-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

30-31-январда жана 1-2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-февралда кар жаашы мүмкүн.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-31-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-февралда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт.

2-февралда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн.

3-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

Жалал-Абад шаарында күтүлгөн аба ырайы

30-31-январда, 1-2-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-февралда күндүз жана 3-февралда түнкүсүн жана күндүз кар жаашы мүмкүн.

Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-январда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-январда күндүз жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

31-январда жана 1-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.

3-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

Баткен шаарында күтүлгөн аба ырайы

30-31-январда, 1-2-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-февралда күндүз жана 3-февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 31-январда айрым жерлерде кар жаайт.

1-февралда тоолуу райондордо кар жаайт, 2-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-февралда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.

Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында күтүлгөн аба ырайы

30-январда жаан-чачын күтүлбөйт, 31-январда кар жаашы мүмкүн.

1-2-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-февралда Чолпон-Ата шаарында кар жаайт, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 31-январда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.

1-февралда жана 2-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 2-февралда күндүз жана 3-февралда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.

Нарын шаарында күтүлгөн аба ырайы

30-январда жаан-чачын болбойт. 31-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн.

1-2-феврада жаан-чачын күтүлбөйт.

3-февралда кар жаайт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM