Кыргызгидромет борбору 3-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
30-31-январда жана 1-3-февраль күндөрү Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы
30-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
31-январда жана 1-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
1-февралда күндүз жана 2-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
2-февралда күндүз айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.
3-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы ыктымал.
Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы
30-январда жаан-чачын күтүлбөйт.
31-январда, 1-февралда жана 2-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
2-февралда күндүз кар жаашы мүмкүн.
3-февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы
30-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
31-январда жана 1-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.
2-февралда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.
3-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Талас шаарында күтүлгөн аба ырайы
30-31-январда жана 1-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.
2-февралда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. 2-февралда күндүз жана 3-февралда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
3-февралда күндүз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы
30-январда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
31-январда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
31-январда күндүз жана 1-февралда жаан-чачын болбойт.
2-февралда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
3-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы
30-31-январда жана 1-2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.
3-февралда кар жаашы мүмкүн.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы
30-31-январда жаан-чачын күтүлбөйт.
1-февралда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт.
2-февралда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн.
3-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
Жалал-Абад шаарында күтүлгөн аба ырайы
30-31-январда, 1-2-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
2-февралда күндүз жана 3-февралда түнкүсүн жана күндүз кар жаашы мүмкүн.
Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы
30-январда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-январда күндүз жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
31-январда жана 1-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
2-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.
3-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
Баткен шаарында күтүлгөн аба ырайы
30-31-январда, 1-2-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
2-февралда күндүз жана 3-февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн.
Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы
30-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 31-январда айрым жерлерде кар жаайт.
1-февралда тоолуу райондордо кар жаайт, 2-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
3-февралда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.
Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында күтүлгөн аба ырайы
30-январда жаан-чачын күтүлбөйт, 31-январда кар жаашы мүмкүн.
1-2-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.
3-февралда Чолпон-Ата шаарында кар жаайт, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы
30-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 31-январда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.
1-февралда жана 2-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 2-февралда күндүз жана 3-февралда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.
Нарын шаарында күтүлгөн аба ырайы
30-январда жаан-чачын болбойт. 31-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн.
1-2-феврада жаан-чачын күтүлбөйт.
3-февралда кар жаайт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.