Connect with us

Кыргызстанда бензиндин баасы арзандашы күтүлүүдө

Кыска кабар | 26 Янв 2023 | 542 | 0

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматы Кыргызстанда бензиндин баасы 5-6 сомго арзандай турганын билдирүүдө.

Мекеменин маалыматына караганда, 2023-жылдын январынан тарта бензин тобундагы күйүүчү майдын дүң баасында төмөндөө тенденциясы байкалды. Бул чекене баага да таасирин тийгизиши керек.

«Жакынкы айларда бензин 5-6 сомго арзандашы мүмкүн. Ошондой эле нефтетрейдерлерде күйүүчү-майлоочу майлардын 1-1,5 айлык запасы болушу керектигин эске алуу зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Монополияга каршы кызматы күйүүчү-майлоочу майлардын баасын турукташтыруу жана себепсиз көтөрүүгө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM