Мамлекеттик салык кызматын 2023-2025-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясы бекитилди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Жаңы стратегия — адилеттүү салык системасын түзүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу, салыктарды чогултууну жакшыртуу, салыктык башкаруунун ачыктыгын күчөтүү зарылдыгынан улам иштелип чыкты.
Стратегияда бир катар натыйжаларга жетише турган 7 артыкчылыктуу багыт аныкталган:
– Санариптештирүү — маалыматтардын архитектурасын жана аналитиканы түзүү;
– Кардарларга болгон багытты жогорулатуу;
– Салыктык башкарууну модернизациялоо;
– Салык сабаттуулугун жана калктын маданиятын жогорулатуу;
– Ички жана тышкы органдар менен өз ара аракеттенүүнү түзүү;
– Кадрдык дараметти өнүктүрүү;
– Салык кызматынын беделин колдоо жана өнүктүрүү.