Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасы. Президент Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

Кыска кабар | 16 Ноя 2022 | 511 | 0

Президент Садыр Жапаров эртең, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады.

Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселе каралары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришет.

Жыйынды УТРКнын, парламенттин жана башка телеканалдардын түз эфиринде көрсө болот.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети кыргыз-озбек чек арасын, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун карап, жактырды.

Copyright © 2017 Maral FM