Биз менен байланышыңыз

«Комитетте регламенттин талабы аткарылган жок, 14 кишинин көпчүлүгү 8 болот»

Кыска кабар | 16 Ноя 2022 | 606 | 0

Бүгүн, 16-ноябрдагы парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимдин долбоорун кечээ караган Эл аралык комитеттин жыйынынын легитимдүүлүгү боюнча төрага Нурлан Шакиевдин жеке позициясын билдирип коюусун суранды.

Анын айтымында, Конституцияда жана регламентте кандай жазылса, эреже ошондой болушу керек.

«Эгерде биз Жогорку Кеңештен мыйзамдын аткарылышын талап кылбасак, анда башка жерден мыйзамдын аткарылышын талап кылганга укугубуз жок. Кечээ биздин комитеттин жыйыны өттү. Анда регламенттин талабына карабай, 7 киши отурса, «кворум бар, чечим кабыл алына берет» деген чечимди колуна карматып берди. Биз өзүбүз конституциялык мыйзамды бузуп жаткандан кийин, аны кимден талап кылабыз? А регламентте комитет  мүчөлөрүнүн көпчүлүгү деп жазылып турат. 14 кишинин көпчүлүгү 8 болот, ал эми 7си жарымы болот. Ошондуктан урматтуу төрага, сиз мыйзамдын аткарылышы, калыстык үчүн күрөш жүргүзгөн адам катары, кечээ өткөн комитет жыйынынын мыйзамдуулугу боюнча позицияңызды билдирип койсоңуз», — деди Мадумаров.

Кечээ Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоору» жана «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө» макулдашуунун долбоорун карап, жети депутат «макул» деген добуш берген.

— Улан Примов,

— Лейла Лурова,

— Чолпон Султанбекова,

— Жылдыз Таалайбек кызы,

— Улан Бакасов,

— Ырысбек Атажанов,

— Шайлообек Атазов.

Ага чейин төрт депутат келишимге каршылык билдирип, кворум болбошу үчүн жыйын залынан чыгып кетишкен. Алар: Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков, Нуржигит Кадырбеков, Нилуфар Алимжанова.

Ал эми вице-спикер Улан Примов жыйынга комитеттин 14 мүчөсүнүн жетөөсү катышкандыгын жана кворум болгонун билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM