Биз менен байланышыңыз

Сайттарды бөгөттөө мыйзамы. Маданият министрлиги өзгөртүү киргизүүнү сунуштады

Кыска кабар | 15 Ноя 2022 | 545 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же баракчасынын ээсинин ишин токтотуп туруунун тартибин бекитүү тууралуу» токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

Тийиштүү токтом долбоору өкмөттүн сайтында 14-ноябрда коомдук талкууга чыгарылды.

Маданият министрлиги колдонуудагы мыйзамдарда сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин аракеттерине даттануу, такталбаган (жалган) маалыматтарды өчүрүү жана сайттын ишин убактылуу токтотуу тартибин иш жүзүндө аткарууга тоскоол болгон кемчиликтер бар экенин белгилейт.

Ошондой эле токтомго ылайык, сайттын жабылышын же маалыматтын өчүрүлүшүн талап кылган арыз берүүчү маалыматтын жалган экенин тастыктаган далилдерди берүүгө милдеттүү болот.

Сунуштарды министрликтин маалыматтык саясат башкармалыгы бөлүмүнө s.nusurotaliev@minculture.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз же 0312663857 телефонуна байланышыңыз.

Экс-депутат Гүлшат Асылбаева демилгелеген «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбооруна президент 2021-жылдын 23-августунда кол койгон.

Аталган мыйзам «Маалыматтарды манипуляциялоо жөнүндө» деген ат менен 2020-жылы парламентте колдооп таап, президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. Бирок коомчулук каршылык билдиргенден кийин президент толуктап иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган.

Анын максаты социалдык тармактарда фейк маалыматтардан жарандарды коргоо деп түшүндүрүлгөн. Бирок медиа-эксперттер бул мыйзам сөз эркиндигин ооздуктоого курал болушу мүмкүн деп эскерткен.

Маданият министрлигинин маалыматына караганда, «Так эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын алкагында онго жакын арыз түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM