Биз менен байланышыңыз

ИИМдин күзөт кызматкерлеринин айлыктары жакында көтөрүлөрү айтылды

Кыска кабар | 14 Ноя 2022 | 284 | 0

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысына байланыштуу маселе жакын арада чечилет. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Күзөт кызматы ички иштер министрлигинин башка түзүмдүк бөлүмдөрүнөн айырмаланып, республикалык бюджеттен каржыланбайт. Бул бөлүм чарбалык эсеп, өзүн-өзү каржылоо принциптеринде жана менчик ээлеринен келишимдер боюнча алынган атайын эсептин негизинде иш алып барат. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер, күзөт кызматынын бөлүмдөрүн күтүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн зарыл болгон минималдуу нарктын чегинде түзүлөт.

«Республикалык бюджеттен каржылануучу аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын акчалай үстөк пулдарынын жогорулагандыгына байланыштуу, азыркы учурда күзөт кызматын көрсөтүү келишимдерин кайра түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар аяктагандан кийин күзөт кызматкерлерине 1-октябрдан баштап үстөк пулдары толук көлөмдө кайра эсептелип, төлөнөт» , — деп айтылат маалыматта.

Интернет булактарында Ички иштер министрлигинин күзөт кызматкерлери айлык акылары көтөрүлбөгөнүнө байланыштуу митингге чыгууну көздөп жатканы тууралуу кабар тараган.

Copyright © 2017 Maral FM