Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Стамбулдагы жарылуудан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Кыска кабар | 14 Ноя 2022 | 444 | 0

Түркиянын Стамбул шаарындагы жардырууда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жардыруу 13-ноябрда Стамбул шаарынын Бейоглу районунун Истиклал көчөсүндө болгон. Маалыматтарга караганда алты адам каза болуп, дагы 53 адам жараат алган.

«Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Түркия бийлиги менен байланышта болууда», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM