Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы контрабандалык жүк ташыган унааны мамлекеттин эсебине конфискациялады.
Буга чейин, ушул жылдын 7-октябрында Баткен облусунун Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде И.К.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа кармалып, анын ичинен көп сандагы “насвай” табылып алынган.
Аталган фактынын негизинде “Баткен” бажысы тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.
9-ноябрда Баткен райондук соту президенттин улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого жана контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү боюнча тапшырмасына ылайык, И.К.А. күнөөлүү деп таап, унаасын мамлекетке чегерүү чечимин чыгарды.