Биз менен байланышыңыз

Каржы министрлиги: Бюджеттин тартыштыгы 35.4 млрд сомго чыкты

Кыска кабар | 10 Ноя 2022 | 748 | 0

Бүгүн, 10-ноябрда Каржы министрлиги 2022-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы боюнча маалымат берди. Каржы тартыштыгы бюджеттик төлөмдөрдүн көбөйүшүнөн, атайын эсепке түшкөн каражаттын жана инвестициялык салымдардын азайышынан улам келип чыккан.

Айта кетсек, республикалык бюджет кирешеси 282,1 млрд сом, чыгашасы 291,2 млрд сом, ал эми тартыштык (дефицит) 9,1 млрд сом өлчөмүндө бекитилген. Учурда бюджет кайра каралып, натыйжада республикалык бюджеттин кирешесин 272 млрд сом деп, тагыраагы, мурда каралган акчадан 10,1 млрд сомго кыскартуу менен кабыл алуу болжолдонуп жатат.

Кайра кароодо чыгаша 307,4 млрд сомду түзүп, айырма 16,1 млрд сом экени, тагыраагы, чыгаша кирешеден 2,9 млрд сомго көп болгону такталган.

Мунун ичинен атайын эсепке бөлүнгөн каражат: мамлекеттик органдардын ички чыгымы 11,8 млрд сомго, ал эми ички инвестиция: инфратүзүмдүк долбоорлорго (жол салуу, имарат куруу сыяктуу) сарпталган чыгым 1,4 млрд сомго өскөн.

Алынган жалпы эсепке ылайык, тартыштык 26,2 млрд сомго жетип, жалпы 35,4 млрд сомду түзгөн.

Жогорудагы схемадан белгилүү болгондой, мамлекетке инвестициялык түшүүлөрдүн, тагыраагы, тышкы булактардан алына турган каражаттын тартыштыгы 14,2 млрд сомду түзгөн. Буга орус-украин чатагынан улам Орусияга киргизилип жаткан санкциялардын таасири, ЕАЭБдин кирешесинин азайышы, бажы төгүмдөрүнүн кескин азайышы себеп болуп жатканы айтылат маалыматта.

Аны менен катар мамлекеттик орган-мекемелердин ички коротуулары 26,2 млрд сом болуп, ал эми киреше алуусу 19,5 млрд сомду гана түзгөн. Натыйжада чыгаша кирешеден 6,7 млрд сомго көбөйүп кеткен.

Бул өңдүү бир катар факторлордун таасири, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерге болгон төлөмдөрдү кескин көбөйтүү (айлык, сый акы ж.б.) да тартыштыкка жол берген. Андан улам бул тартыштык 14,5 млрд сомго жеткен.

2023: Бюджеттин негизги бөлүгү энергетикага жумшалат

Copyright © 2017 Maral FM