Биз менен байланышыңыз

2023: Бюджеттин негизги бөлүгү энергетикага жумшалат

Саясат | 5 Ноя 2022 | 788 | 0

Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясы менен «Мекенчил» депутаттык тобу  «2023-жылга республикалык бюджет жана 2024-2025-жылдарга пландалган бюджет боюнча» мыйзам долбоорун карады. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2023-жылга 322, 8 млрд сомду же ИДПга карата 34,8% деңгээлинде болжолдонуп жатат. Алдыдагы жылдарга карата болжолдонгон бюджет, чыгашалар жана тышкы карыздын көлөмүнө алдыда кененирээк токтолобуз.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү депутаттарга 2023-жылга карата пландалган республикалык бюджет жана  алдыдагы 3 жылга болжолдуу бюджет боюнча маалымат берди. Өкмөт башчысы билдиргендей, 2023-жылга пландалган бириктирилген бюджет 503,4 млрд сом.

«Жакшылап карай турган болсок, 2021-жылы ббджетти 313 млрд сомго чыгардык же 65 млрд сомго бюджетти көбүрөөк толтурдук. Ал эми 2022-жылы 404 млрд сомго чыгаралы деп жатабыз. Же өткөн жылга салыштырмалуу 91 млрдга өсүш көбүрөөк болору күтүлүп жатат. Өсүү темпи 2021-жылы 126%ды түзгөн. Ал эми быйыл бюджеттин өсүү темпи 129%ды түзгөн. Ал эми 2023-жылы биз бюджеттин өсүшүн 99 млрд сомго өсүш болот деп жатабыз. Пландалган 400 млрд сомго жетиш үчүн, күнүнө майрамга карабай, 1.1 млрд сомду таап, аны экономикага киргизип турушубуз керек. Ал эми 500 млрд сомду мойнубузга алганда, күнүнө 1.3-1.5 млрд сом табышыбыз керек». 

Финансы министри Алмаз Бакетаев инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2023-жылга 322 , 8 млрд сом суммасында же ИДПга карата 34,8% деңгээлинде болжолдонуп жатканын билдирди. Ал эми 2023-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын көлөмү 344 млрд сом болору белгиленген.

«Республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2023-жылга карата 352 323,0 млн сом суммасында же ИДПга карата 34,8 % деңгээлинде болжолдонуп жатат.  Ал эми бюджеттин чыгашаларынын көлөмү 344 млрд сом же ИДПга карата 37, 1%ды түзөт. 2023-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 млрд 263,2 млн сомду же ИДПга карата 2,3%ды түзөт. Бул тартыштк толугу менен камтуу булактарына ээ. Ал эми республикалык бюджеттин кирешеси 2024-жылы 389 миллиард 211,5 миллион сомду, 2025-жылы 443 миллиард 829,8 миллион сомду түзөөрү болжолдонууда. Андан тышкары, 2024-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 375 млрд 807,4 млн сом, 2025-жылы 420 млрд 314,0 млн сом болоору күтүлүүдө». 

2023-жылы негизги чыгымдар өлкөнүн энергетикалык системасын жакшыртууга багытталып, бюджеттен 10,8 млрд сом бөлүнөт. Ошондой эле эки мамлекеттик банкка 1,5 млрд сомдон берүү каралууда. Кийинки жылы Камбар-Ата ГЭСинин курулушу уланып, казынадан 816, 7 млн сом бөлүнөт. Баткен облусунун өзгөчө макамына байланыштуу 500 млн сом бөлүнсө, ипотекалык насыя берүүнү улантуунун алкагында 1 млрд сом жана туризм тармагын өнүктүрүүгө 1 млрд сом пландалган.

Консолидацияланган бюджет бул республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттердин бириктирилиши. Депутат Искендер Матраимов өкмөт 2021-жылдан баштап, бюджетти консолидацияланган бюджет деп атап, элдин башын айландырып жаткандыгын белгиледи.

«Бүгүн силер консолидацияланган бюджет деп президенттен баштап баарынын башын айлантып жатасыңар. бюджетти мынча миллиардка көтөрдүк деп. Бюджетти 400 млрдка жеткирдик деп айтып атасыңар, ошого жеткирсин. Болгону бүгүнкү күнү силер жөн эле элдин башын айлантып койдуңар. Консолидацияланган бюджет деп ага жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттерди, соцфонддун бюджетин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун бюджетин кошуп алдыңар. Республикалык бюджет салыктан, бажы алымдарынан жана салыктык эмес кирешелерден толуп жатат. Силер кийинки убакта ушул терминди колдонуп баштадыңар. Ушул терминди сөзсүз түрдө колдонуш керек беле? Силерден суранычым антип элдин башын айландырбагыла».

Финансы министри Алмаз Бакетаев эмне себептен республикалык бюджет консолидацияланган бюджет деп аталып жатканын мындайча түшүндүрдү.

«Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгондуктан, анын өзүнүн методологиясы бар. Мурда Республикалык бюджет дегенге негизги басымды коюп келгенбиз. Бирок ошол эле учурда тиркеме катары биргелешкен бюджетти дагы тиркеп кочу элек. Аларда атайын консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчтөрүн көрсөтүү боюнча талаптар коюлган».

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев кирешелердин эң негизги үлүшүн салыктык кирешелер түзүп жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдын 31-июлуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 5 млрд 213 млн долларды түздү. Мунун 80%ы мамлекеттик тышкы карыз, калган 19%ы мамлекеттик ички карыз.

Copyright © 2017 Maral FM