Биз менен байланышыңыз

Казакстан менен Кыргызстан президенттери кеңири чөйрөдө жолугушууда

Кыска кабар | 26 мая 2022 | 432 | 0

Казакстан менен Кыргызстан президенттери кеңири чөйрөдө жолугушууларын баштады.

Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан бул жолугушууда кыргыз-казак мамилелерине жаңы дем берилери жана соода- экономикалык алаканын бекемделиши айтылууда.

Мунун алдында эки өлкө лидерлеринин бетме-бет жолугушуусу өткөн.

Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы өз ара алаканы талкуулашат.

Жолугушуулар өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгынын алдында президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM