Биз менен байланышыңыз

21-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 20 мая 2022 | 638 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 21-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28,

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +13…+18.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +26…+28 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM