Connect with us

Кыргыз-казак депутаттары Кордайда көчмө жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 13 Май 2022 | 211 | 0

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен Казакстандын Мажлисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жамбыл облусунун Кордай айылында биргелешкен көчмө жыйын өткөрдү.

Анда эки өлкөнүн парламенттик делегациялары «Ак-Жол» (Кордай), «Карасу» (Актилек) өткөрүү пункттарынын иши менен таанышты. Жеринде өткөрмө жайлардын жетекчилери отчёт беришти.

Андан ары депутаттар Кордай айылында биргелешкен жыйын өткөрүп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Айрыкча, ЕАЭБ алкагында транспорттук-логистикалык көйгөйлөрдү чечүү, Кыргызстандан келген жүктөргө карата Казакстандын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан контролдук иш-чаралардын тартибин жөнгө салуу боюнча сүйлөштү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM