Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 16-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо туман түшөт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөт.
Жолдорго муз тоңуп, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13;
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +9…+14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +8…+10 градус болот.