Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 9-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13
Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз ала булут каптап турат. Кечинде жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүзү 11…13 болот.