Орус аскерлеринин 24-февралдан Украинада жүргүзгөн атайын операцияларынын натыйжасында 8-мартка карата 1 миллион 735 миң 68 киши Украинадан чыгып кеткен. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча агенттиги маалымдады.
Булардын 1 миллион 27 миң 603ү Польшага, 180 миң 163ү Венгрияга, 128 миң 169у Словакияга, 82 миң 762си Молдовага, 78 миң 977си Румынияга, 53 миң 300ү Орусияга көчүп кетишкен.
Эң азы — 406 адам Беларустун чек арасынан өткөн.
БУУнун Качкындар боюнча агенттиги билдиргендей, Европанын башка өлкөлөрүнө 183 миң 688 адам орун алмаштырган.