Киев Москванын шарттарын аткарса, согуштук аракеттерди «каалаган учурда» токтотот. Бул тууралуу Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Кремлдин басма сөз катчысынын айтымында, Украина Конституцияга өзгөртүү киргизип, «кандайдыр бир блокко» кирүү дооматынан баш тартышы керек.
Андан тышкары Песков Украина Крымды орустун жери, ал эми Донбасс аймактарын эгемен мамлекеттер катары таануусу керек экенин баса белгиледи.
«Биз Украинаны демилитаризациялоону аяктап жатабыз. Биз аны аягына чыгарабыз… Алар (украиндер) согуштук аракеттерин токтотушу керек», — деп билдирди басма сөз катчы.