Украинадагы согуштун жетинчи күнү: Өткөн түндөгү окуялар тизмеги (фото) Блог | 3 Мар 2022 | 1644 | 0 Facebook Twitter Украинадагы согуштун жетинчи күнү аяктап, бүгүн сегизинчи күнү Киев, Харьков, Мариуполь жана башка бир катар шаарларда дагы деле атышуулар уланууда. Соңку саатка алынган окуялар тизмеги: БУУнун маалыматына ылайык, бир миллион украиналык качкынга айланды. Гаагадагы эл аралык кылмыш соту Орусиянын Украинадагы шектүү аскерий кылмыштарына карата тергөө баштады. Орусиянын Коргоо министрлиги алгачкы жолу расмий түрдө канча аскер жоготконун ачык жарыялады. Ал эми Украина тарап Орусия бир жума ичинде тогуз миңдей аскерин жоготту деп билдирүүдө. Украинанын чалгын кызматынын маалыматына ылайык, 4-март күнү Орусия өлкө ичинде аскердик абал жарыялашы мүмкүн. Дүйнөлүк Банк Орусия жана Белорустагы долбоорлорун токтотту. Гамбургда орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун 600 млн долларлык Dilbar деп аталган яхтасы камакка алынды. Дагы бир орусиялык миллиардер Роман Абрамович «Челси» футбол клубун сата турганы белгилүү болду. Oracle, Mercedes-Benz жана H&M Орусияда сатууларын токтотту. Орусияда согушка каршы нааразычылык акцияларында кармалгандардын саны 700дөн ашты. Полиция Киевдеги телемунарага болгон чабуулдан каза тапкан жарандын сөөгүн жабууда. Aris Messinis / AFP / Scanpix / LETA Киев көчөлөрү артиллериялык чабуулдан кийин. Aris Messinis / AFP / Scanpix / LETA Киев борборундагы танктарга каршы тосмолор. Zurab Kurtsikidze / EPA / Scanpix / LETA Харьков шаарынын борбору. Фото: Павел Дорогой Харьков көчөлөрүндөгү өрт өчүргүчтөр. Фото: Павел Дорогой Донецк. Горловка. Alexander Ermochenko / Reuters / Scanpix / LETA Киев облусу. Бомбадан баш калкалоочу жер төлө. Vadim Ghirda / AP / Scanpix / LETA Vadim Ghirda / AP / Scanpix / LETA Киев метросу. Фото: Aris Messinis / STF / AFP / Scanpix / LETA Киев метросундагы балдар. Sergey Dolzhenko / EPA / Scanpix / LETA Киев тургундары Львовго кете турган эвакуация поездин күтүп жатышат. Gleb Garanich / Reuters / Scanpix / LETA Молдова-Украина чек арасы. Автобустагы качкындар Кишинёв шаарына эвакуацияланууда Nikolay Doychinov / AFP / Scanpix / LETA Харьковдогу жатакананын жардыруудан кийинки абалы. Фото: Павел Дорогой Мариуполь. Оорукана. "Марал радиосу" Телеграмда "Марал радиосу" Инстаграмда Жарнама Орозгүл Арстанова Тектеш материалдар Пикир калтырыңыз Жооп жазуу Жоопту жокко чыгаруу Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *Пикир: Атыңыз * Көп окулууда Билим-маданият,Блог16 мая 2024 «Англис тилин кыргызча үйрөнүүгө талап көп». Тил үйрөнүү үчүн адистин кеңеши Кыска кабар16 мая 2024 Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт Кыска кабар16 мая 2024 20-24-майда Боомдо таш кулатуу иштери жүргүзүлөт Кыска кабар16 мая 2024 «Басып койгулачы». Парламентте бирөөнүн ордуна добуш берүү учуру кайталанды Дүйнө,Кыска кабар16 мая 2024 Путин Кытайга эки күндүк мамлекеттик сапары менен барды Маанилүү Кыска кабар17 мая 2024 Президент Масалиевдин алтын тууралуу айткандарына жооп берди Кыска кабар17 мая 2024 Кыргызстанда уран иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору парламентке түштү Кыска кабар17 мая 2024 Ташиев Райымбек Матраимов бюджетке 200 млн доллар кайтарарын айтты Кыска кабар16 мая 2024 Свердлов округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды Коом16 мая 2024 Иш жарманкеси: 40-50 жаштагы жарандар жумуш табууда кыйналат