Биз менен байланышыңыз

Украинадагы согуштун жетинчи күнү: Өткөн түндөгү окуялар тизмеги (фото)

Блог | 3 Мар 2022 | 1643 | 0

Украинадагы согуштун жетинчи күнү аяктап, бүгүн сегизинчи күнү Киев, Харьков, Мариуполь жана башка бир катар шаарларда дагы деле атышуулар уланууда.

Соңку саатка алынган окуялар тизмеги:

  • БУУнун маалыматына ылайык, бир миллион украиналык качкынга айланды.
  • Гаагадагы эл аралык кылмыш соту Орусиянын Украинадагы шектүү аскерий кылмыштарына карата тергөө баштады.
  • Орусиянын Коргоо министрлиги алгачкы жолу расмий түрдө канча аскер жоготконун ачык жарыялады.
  • Ал эми Украина тарап Орусия бир жума ичинде тогуз миңдей аскерин жоготту деп билдирүүдө.
  • Украинанын чалгын кызматынын маалыматына ылайык, 4-март күнү Орусия өлкө ичинде аскердик абал жарыялашы мүмкүн.
  • Дүйнөлүк Банк Орусия жана Белорустагы долбоорлорун токтотту.
  • Гамбургда орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун 600 млн долларлык Dilbar деп аталган яхтасы камакка алынды.
  • Дагы бир орусиялык миллиардер Роман Абрамович «Челси» футбол клубун сата турганы белгилүү болду.
  • Oracle, Mercedes-Benz жана H&M Орусияда сатууларын токтотту.
  • Орусияда согушка каршы нааразычылык акцияларында кармалгандардын саны 700дөн ашты.
Полиция Киевдеги телемунарага болгон чабуулдан каза тапкан жарандын сөөгүн жабууда.
Aris Messinis / AFP / Scanpix / LETA
Киев көчөлөрү артиллериялык чабуулдан кийин. Aris Messinis / AFP / Scanpix / LETA
Киев борборундагы танктарга каршы тосмолор. Zurab Kurtsikidze / EPA / Scanpix / LETA
Харьков шаарынын борбору. Фото: Павел Дорогой
Харьков көчөлөрүндөгү өрт өчүргүчтөр. Фото: Павел Дорогой
Донецк. Горловка.
Alexander Ermochenko / Reuters / Scanpix / LETA
Киев облусу. Бомбадан баш калкалоочу жер төлө.
Vadim Ghirda / AP / Scanpix / LETA
Vadim Ghirda / AP / Scanpix / LETA
Киев метросу. Фото: Aris Messinis / STF / AFP / Scanpix / LETA
Киев метросундагы балдар.
Sergey Dolzhenko / EPA / Scanpix / LETA
Киев тургундары Львовго кете турган эвакуация поездин күтүп жатышат.
Gleb Garanich / Reuters / Scanpix / LETA
Молдова-Украина чек арасы. Автобустагы качкындар Кишинёв шаарына эвакуацияланууда
Nikolay Doychinov / AFP / Scanpix / LETA
Харьковдогу жатакананын жардыруудан кийинки абалы. Фото: Павел Дорогой
Мариуполь. Оорукана.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM