Украинадагы согуштун жетинчи күнү аяктап, бүгүн сегизинчи күнү Киев, Харьков, Мариуполь жана башка бир катар шаарларда дагы деле атышуулар уланууда.
Соңку саатка алынган окуялар тизмеги:
- БУУнун маалыматына ылайык, бир миллион украиналык качкынга айланды.
- Гаагадагы эл аралык кылмыш соту Орусиянын Украинадагы шектүү аскерий кылмыштарына карата тергөө баштады.
- Орусиянын Коргоо министрлиги алгачкы жолу расмий түрдө канча аскер жоготконун ачык жарыялады.
- Ал эми Украина тарап Орусия бир жума ичинде тогуз миңдей аскерин жоготту деп билдирүүдө.
- Украинанын чалгын кызматынын маалыматына ылайык, 4-март күнү Орусия өлкө ичинде аскердик абал жарыялашы мүмкүн.
- Дүйнөлүк Банк Орусия жана Белорустагы долбоорлорун токтотту.
- Гамбургда орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун 600 млн долларлык Dilbar деп аталган яхтасы камакка алынды.
- Дагы бир орусиялык миллиардер Роман Абрамович «Челси» футбол клубун сата турганы белгилүү болду.
- Oracle, Mercedes-Benz жана H&M Орусияда сатууларын токтотту.
- Орусияда согушка каршы нааразычылык акцияларында кармалгандардын саны 700дөн ашты.