Connect with us

Шольц: НАТО Украинага аскер киргизбейт

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2022 | 1927 | 0

НАТО Украинадагы кырдаалга аскерий кийлигишпейт, кийлигишсе жаңылышат. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Германиянын канцлери Олаф Шольц Израилдин премьер-министри Нафтали Беннетт менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйында айтканын Welt телеканалы билдирди.

«Кооптуу кырдаал түзүлдү. Анткени бул — дүйнөдөгү эң чоң өлкө, өзөктүк кубаттуу держава Орусия менен Европадагы аймактык жактан экинчи орунда турган ири мамлекеттин ортосундагы согуш. Ошол себептүү бул коркунучту баалабай коюуга болбойт. Андыктан биздин кылар аракетибиз ачык: биз, НАТО, аскердик жактан кийлигишпейбиз. Эгер аскердик аракеттер жасалса, азыркы кырдаалда жаңылыштык болмок», — деп баса белгиледи Шольц.

Канцлер Германия Украинага гуманитардык жардам жана колдоо көрсөтүүгө ниеттенип жатканын маалымдады. «Санкциялар (Орусияга каршы) олуттуу таасирин тийгизүүдө. Менин оюмча, бул биздин туура чечим кабыл алганыбызды көрсөтүп турат», — деди канцлер.

Канцлер Германия менен Израиль Украинадагы жаңжалды дипломатиялык жол аркылуу жөнгө салууну жана Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрүн улантууну колдоорун билдирди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM