Кыргызгидромет борбору 1-3-март күндөрү аба ырайында өзгөрүүлөр болот. Тоолуу райондордо, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн.
1-мартта түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын тоолуу жерлеринде жамгыр, кар жаайт. Күндүз д бардык аймактарда жаан-чачын болушу мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14,
Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9,
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9,
Бишкек шаарында күндүз жамгыр жаайт. Түнкүсүн 0…2, күндүз 11…13°.