Бишкек шаарындагы Свердлов районундагы бир мандаттуу округ боюнча кайра шайлоонун жыйынтыгы чыкты.
БШКнын сайтынан алынган маалыматка ылайык, Свердлов району боюнча шайлоочулардын 17,54% добушуна Абдурахманхажи Муртазалиев ээ болуп, алдыда баратат. Ал эми экинчи тизмеде Шайлообек Атазов 16,28%, үчүнчүдө Аскар Алмаз уулу 12%добуш алган.
Добуш берүүгө шайлоочулардын 31%ы катышкан.