Бүгүн, Бишкек шаарындагы Свердлов жана Биринчи Май районундагы бир мандаттуу округда кайра шайлоо өтүп жатат. Саат 16:00гө карата шайлоого катышкандардын саны 33 812 ге жетти.
Бул шайлоочулардын 15,39%ын түзөт.
Биринчи Май районунда шайлоого келгендердин саны 12 610 (11,15%), Свердлов районунда 21 202 (19,9%).
Эки район боюнча шайлоочулардын жалпы саны 219 миң 654. Анын 92 миң 587син эркектер, 127 миң 67син аялдар түзөт.
Парламенттик кайра шайлоодо депутаттыкка №27 Биринчи Май округунан 26 адам, №29 Свердлов округунан 25 адам талапкер катары ат салышууда.
Эки округдан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн 120 тилке саат 8:00дө ачылды. Добуш берүү кечки саат 20:00дө токтойт.
Эске салсак, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо эки округдан «баарына каршы» добуш басымдуулук кылып, депутат шайланбай калган. Мыйзамга ылайык, мындай учурда кайра шайлоо белгиленет.