Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 27-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16;
Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0…+5, күндүз +13…+18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;
Бишкекте 26-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн + 1 … +3 , күндүз + 14 … +16 градус болот.