Биз менен байланышыңыз

Тенгиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» компаниясына жетекчи болду

Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 816 | 0

2021-жылдын декабрь айында түзүлгөн «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясына Тенгиз Бөлтүрүк жетекчи болуп дайындалды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-февралда өткөргөн басма сөз жыйында айтты.

Анын маалыматы боюнча, чет өлкөдөгү мекендештер баштаган 20га жакын компания «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук компаниясы менен кызматташууга ниеттенүүдө. Улуттук холдингдин уставдык капиталы 10-15 млрд сомдун тегерегинде болот.

Президенттин катышуусунда 282 млн доллардан турган бюджети бекитилди.

«Бир нече долбоор бар, анын ичинде 12 кенде геологиялык чалгындоо иштери жүрөт. Эми долбоорлор менен «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» компаниясы алектенет. Бала-Чычкан темир кени 6 млрд доллар, Жетим-Тоо 4 млрд доллар киреше алып келет», — деди Акылбек Жапаров.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги тоо-кен тармагына реформа жасайт

Финансы министрлигинин алдында «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы түзүлгөн. Максаты эл аралык тажрыйбалар аркылуу жер казынасын пайдалануу жана бул багыттагы экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды жогорку деңгээлде топтоштурган түзүм уюштуруу болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM