Биз менен байланышыңыз

Академик Сабырбек Жумабеков президентке кайрылды

Кыска кабар | 3 Фев 2022 | 942 | 0

Бишкектеги Травматологиялык жана ортопедиялык илим изилдөө борборунун директору, академик Сабырбек Жумабеков 3-февралда басма сөз жыйын өткөрүп, өзүнүн дарегине айтылгандар тууралуу жооп берди.

Жумабеков саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзүнө жалган жалаа жаап, далилсиз сөздөрдү айтып жатканын билдирди. Ошондой эле мамлекеттик мекемени эч кандай менчиктештирүү болбогонун айтты.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жергиликтүү маалымат каражаттарына маек берип, Сабырбек Жумабековду Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун менчиктештирип алууга айыптаган.

Ошондой эле аталган илимий борбор Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү айтылган.

Сабырбек Жумабеков президентке кайрылып, Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун сактап калууну өтүндү.

«Мен илимпоз катары, академик, врач, мекеменин жетекчиси катары сизге кайрылам, оорукананы сактап калыңыз. Менин кол алдымда 900 адам иштейт, 500 адам жатып дарыланат. Жылына 14 миңге жакын адамды дарылайбыз. Бул илимий борбор өсүшү керек, анын статусун улуттук илимий борборго айлантуу керек. Мен сизге да кирип, долбоорду көрсөткөм. Февралда өзүңүз келип, капсула салмаксыз. Ал эми министр Бейшеналиев ага жол бербейм деп жатат, себебин түшүнбөй жатам. 20 млн сом бөлдүрүп, жаңы долбоорду жасаттыңыз. Анан эмнеге иш токтоп калганы түшүнүксүз. Эгер мен эле сиздерге жолтоо болуп жатсам, анда арызымды бүгүн жазып берүүгө даярмын», — деди Сабырбек Жумабеков.

Академиктин айтымында, министр Алымкадыр Бейшеналиев өзүн кызматтан алууну көздөп жатат.

Бүгүн Сабырбек Жумабековду колдоп медициналык кызматкерлер да чыгышты.

Сабырбек Жумабеков 2004-жылдан бери Травматологиялык жана ортопедиялык илим изилдөө борборунун директору.

Жумабеков: Кытайлар бутту түздөө, бой өстүрүү операцияларыма кызыгышты

Copyright © 2017 Maral FM