Connect with us

Коронавирус жуктурган 1474 адам ооруканада, 5242 киши өз үйүндө дарыланууда

Кыска кабар | 30 Янв 2022 | 516 | 0

Өлкө боюнча 1 миң 474 бейтап стационардык дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Ал эми амбулатордук дарыланууда 5242 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек шаары – 966, Ош шаары – 39, Чүй облусунда – 247, Ош облусунда – 48, Талас облусунда – 19, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 48, Жалал-Абад облусунда – 51, Баткен облусунда – 45.

Стационарда дарыланып жаткан 1 миң 474 бейтаптардын ичинен, 11 (0,7 пайыз) канааттандырарлык, 787 (53,3 пайыз) орто оор абалда, 581 (39,4 пайыз) оор абалда жана 95 (6,4 пайыз) өтө оор абалда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM