Эртең, 31-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында түнкүсүн кар жаайт. Күндүз күн ачык болот. Жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…+6;
Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;
Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10;
Бийик тоолордо түнкүсүн -23…-28, күндүз -7…-12 градуска чейин төмөндөйт.
Бишкек шаарында түнкүсүн -3…-5° суук, күндүз 4…6° жылуу болушу күтүлөт.