Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC боюнча «Жылдын мыкты мушкери» наамын жеңип алды. Добуш берүү championat.com сайтында жүргүзүлгөн.
Анда 60% ашуун сайттын колдонуучусу Валентина Шевченкого добуш берип, жыйынтыгында кыргызстандык мушкер «Жылдын мыктысы» аталды.
Жыл мыктысын аныктаган сурамжылоодо кыргызстандык мушкер айымдан тышкары, АКШ, бразилиялык мушкерлер катышкан.
Былтыр, 2021-жылы да Валентина Шевченко «Жылдын мушкер айымы» наамына татыган.
Сурамжылоого кыргызстандык дагы бир мушкер Рафаэль Физиев да үч: «Жылдын мыктысы», «Жылдын нокауту» жана «Жылдын мушташы» номинациясына көрсөтүтүлүп, бирок алардын эч кимисинде биринчи боло алган жок.