Биз менен байланышыңыз

Валентина Шевченко «Жылдын мыкты мушкери» наамына татыды

Кыска кабар , Спорт | 4 Янв 2022 | 774 | 0

Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC боюнча «Жылдын мыкты мушкери» наамын жеңип алды. Добуш берүү championat.com сайтында жүргүзүлгөн.

Анда 60% ашуун сайттын колдонуучусу Валентина Шевченкого добуш берип, жыйынтыгында кыргызстандык мушкер «Жылдын мыктысы» аталды.

Жыл мыктысын аныктаган сурамжылоодо кыргызстандык мушкер айымдан тышкары, АКШ, бразилиялык мушкерлер катышкан.

Былтыр, 2021-жылы да Валентина Шевченко «Жылдын мушкер айымы» наамына татыган.

Сурамжылоого кыргызстандык дагы бир мушкер Рафаэль Физиев да үч: «Жылдын мыктысы», «Жылдын нокауту» жана «Жылдын мушташы» номинациясына көрсөтүтүлүп, бирок алардын эч кимисинде биринчи боло алган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM