Биз менен байланышыңыз

 Президент депутаттарга: Иш башкармалык баарыбызга бирдей баш иет

Кыска кабар | 30 Дек 2021 | 756 | 0

Мамлекет башчы Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарына кайрылды.

Ал президентти, парламентти, Министрлер кабинетин бир эле иш башкармалык тейлей турганын айтып, ар бирин өзүнчө бөлүү ашыкча чыгым экенин билдирди.

«Президентти, парламентти, министрлер кабинетин бир эле иш башкармалык тейлейт. Баарына бирдей баш иет. Себеби бул — мамлекеттик мекеме. «Силерди тейлейм, а силерди тейлебейм» деген принцип болбойт. Эмне муктаждык болсо, билдирме бересиздер, камсыз кылышат. Кылбайбы, арыз жазгыла. Жетекчилери дароо жооп беришет, керек болсо кызматтан кетишет. Өзүнчө бөлүп алганыңарда бюджеттен кошумча көп каражат кетет. Элдин акчасын үнөмдөйлү. Өзүнчө бөлүп алсаңыздар эле бир башкача тейленип кетпейсиздер. Баарыбызды бир эле иш башкармалык бирдей тейлеп жатат жана тейлей берет», — деди президент.

Садыр Жапаров 2-декабрда мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Ал жарлыктын негизинде Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын базасында президенттин иш башкармасы түзүлөрү айтылган.

Президенттин иш башкармасы өлкө башчынын, Жогорку Кеңештин, Министрлер кабинетинин, президенттин администрациясынын жана парламенттин аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону ишке ашырат.

Copyright © 2017 Maral FM