Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин депутаттарынын ант берүү аземи башталды (видео)

Кыска кабар | 29 Дек 2021 | 576 | 0

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарынын ант берүү аземи башталды.

Депутаттар спикерди, анын орун басарларын шайлап, Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитишет.

Биринчи сессияны депутаттардын арасынан эң улуусу ачат, ал — «Ынтымак» партиясынан Шарапаткан Мажитова.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын БШК 15-декабрда расмий билдирген.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланды.

Copyright © 2017 Maral FM