2021-жылдын 9 айында Кыргызстанга тыштан келген инвестиция 26,4% га көбөйүп, 503 млн долларды түздү. Сом менен алганда 43 млрд сом тышкы инвестиция келди.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда Министрлер кабинетинин отчеттук жыйынында айтты.
Президенттин маалыматы боюнча, быйыл дүйнө мамлекеттеринде чет өлкөлүк тике инвестициялардын агымы тескерисинче 35%га кыскарган.
Кыргызстан менен түзүлгөн инвестициялык өнүктүрүү фонддору:
— Венгер-кыргыз өнүктүрүү фонду, уставдык капиталы 16 млн доллар менен түзүлдү, аны 50 млн долларга чейин жеткирүү макулдашылган.
— Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 50 млн доллар менен түзүлүп, 200 млн долларга чейин көбөйтүлөт.
— Кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 100 млн доллар менен түзүү маселеси каралууда.
— Түрк мамлекеттер уюмунун инвестициялык фондун түзүү жөнүндө маселе каралып жатат. Уставдык капиталы 443 млн доллар болот.
— Кыргыз-азербайжан жана Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фонддорун түзүү боюнча маселелер иштелип чыгууда.
Президент бул да чек эмес экенин, көмүскө экономикадагылардын баары ачыкка чыгарыларын айтат.