Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда өлкөнүн эң улгайган аялы ушул аптада каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдаганын эл аралык басылмалар жазды.
Кашкар облусунун өкмөтү «Кытайдагы эң кары адам Алимхан Сейти 16-декабрда 135 жашында Кашкарда каза болду», — деп билдирген.
Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, ал 1886-жылы 25-июнда төрөлүп, Янгишар районунун Күмүшерик айылында жашаган. 2013-жылы Алимхан Сейти Кытайдын геронтологдор жана гериатрлар ассоциациясы түзгөн эң улгайган жарандардын тизмесинин сап башында турган.
Небересинин айтымында, аял көз жумганга чейин жөнөкөй жашоо кечирген. Ырдаганды жакшы көрүп, көп күлүп, өзүн дайыма шайыр алып жүргөн.