Connect with us

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — мурастарды сактоонун мыкты тажрыйбасы

Билим-маданият , Коом | 16 Дек 2021 | 3733 | 0

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталды. ЮНЕСКО комитети кезектеги отурумун онлайн форматта өткөрдү. Анда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри баяндама жасап, жыйынтыгында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары «Мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты» номинациясы менен тизмеге киргизилди.     

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги эң ири долбоору. Көчмөндөр маданиятын жандандырып, аны сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргыз Өкмөтү тарабынан Түрк кеңешинин II жыйынында демилгеленген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Көчмөндөр оюндарын ЮНЕСКОнун бул тизмесине киргизүүгө 2 жылдык эмгек жумшалганын, жыйынтыгында минтип аракет акталганын айтты.

«Бул — баарыбыз үчүн чоң жаңылык. Акыркы 2 жылдан бери бардык Кыргызстандагы улуттук федерациялар, мамлекеттик органдар, биздин ЮНЕСКОдогу өкүлчүлүк иштеп, жыйынтыгында ушул номинацияга ээ болуп жатабыз. Көчмөндөр оюндарын уюштуруп жүргөн катчылыкка, коомдук уюмдарга, этноуюмдарга, бирикмелерге ыраазычылык билдиребиз».

ЮНЕСКО 1997-жылдан бери жалпы адамзат үчүн баалуу деп эсептелген табигый жана колдо жасалган объектилерди аныктоо, сактоо боюнча иш жүргүзүп келет. Уюм 2003-жылдан баштап ар кыл маданияттын материалдык эмес мурасын сактоо багытында иш алып барат. Учурда ЮНЕСКОнун алдында эки комитет бар. Алардын бири — материалдык эмес байлыкты каттоо комитети.

ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүдө жумушчу топ пандемиянын айынан бир катар кыйынчылыктарга дуушар болгон. Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү Сабира Солтонкелдиева бүгүнкү иш-чаранын онлайн өтүү себебин да пандемияга байланыштырды.

«Бул номинацияга даярдоодо бир катар кыйынчылыктарды көрдүк. Өзүңүздөр билгендей, 2020-жылы баарыбыз карантинде отуруп калдык. Эң акыркы номинацияны тапшыруу убактысы 2020-жылы 31-мартта болмок, тилекке каршы, пандемия башталып кетти. Ошого карабай онлайн жолугушууларды уюштуруп жаттык. Бүгүн да пандемияга байланыштуу биздин сунушубузду ЮНЕСКОнун 16-отуруму онлайн форматта карады».

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эң алгач 2014-жылдын 9-14-сентябрында Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда өткөрүлгөн. Ага 19 мамлекеттен келген 583 спортчу этноспорттун 10 түрү боюнча күч сынашкан. Андан соң 2014-2016-жылдары да 2-3-оюндары ушул эле аймакта болгон.

Көчмөндөр оюндарын өткөрүү идеясын көтөргөндөрдүн бири Аскат Акибаев долбоорду ЮНЕСКОго каттатууда мамлекеттик органдардын, улуттук федерациялардын жана Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу өкүлчүлүгүнүн эмгеги чоң экенин белгиледи.

«Бул көчмөндөр оюндарын уюштурууда бардык федерациянын эмгеги чоң. Ар бир федерациянын видео таанытымдары көрсөтүлдү. Тизмеге эл аралык адистерди киргизип, ошолор жооп берип, жумушун жасашты. Жыйынтыгында минтип максатыбыз орундалып отурат. Бул — Кыргызстан үчүн чоң жеңиш».

Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасы Түркия мамлекетине берилип, 2020-жылы өткөрмөк. Пандемия шарттарына байланыштуу 2022-жылга жылдырылган. Алдын ала маалымат боюнча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын төртүнчү айлампасы Изник шаарында өтөрү белгиленген.

Буга чейин Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине материалдык жана материалдык эмес 10 баалуулук кирген.

Copyright © 2017 Maral FM