Connect with us

Марста ири көлөмдөгү суунун кору табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 516 | 0

Европа космостук агенттиги (ESA) Марстын Голландиянын аянтындай жеринен суунун кору табылганын «Твиттердеги» баракчасына жарыялады.

Суу ESA менен Орусия космос агенттигинин ExoMars Trace Gas Orbiter биргелешкен долбоорунун негизинде жүргүзүлгөн изилдөө учурунда табылган.

Спутник каньондун бетинен бир метрге жетпеген чоң көлөмдөгү суутекти аныктап, бул аймактагы топурактын нымга бай экенин, каньон астында муз катмарынын бар экенин көрсөткөн.

Орусиянын Илимдер академиясынын Космос изилдөөлөр институтунун кызматкери Алексей Малахов: «Биз каньондун борбордук бөлүгү сууга толуп турганын таптык. Аймактагы температуранын төмөндүгүнө байланыштуу суу тоңуп, топурак астында калган. Бул суу биз күткөндөн алда канча мол», — деп билдирген.

Изилдөөчүлөр бул Марстагы биринчи суу табылгасы эмес экенин, анткен менен ачылыш ESAнын иштери арбын болорун айгиленелеп турганын айтышат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM