Бүгүн, 28-ноябрь эртең мененки саат 08:00дөн 14:00гө чейин шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар тууралуу 17 кайрылуу түштү.
Бул тууралуу БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров брифингде кабарлады.
Анын ичинде:
-шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча 2 кайрылуу,
-үгүт иштеринин эрежелерин бузуу боюнча 5 кайрылуу,
-шайлоочуларды ташуу боюнча 1 билдирүү,
-шайлоо эрежелерин бузганы боюнча 1 билдирүү,
-шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн үстүнөн 3 арыз,
-автоматтык эсептөөчү урналардын иштөөсүндөгү кемчиликтер боюнча 5 кайрылуу түштү.
Шайназаровдун айтымында, добуш сатып алуу жана башка фактылар кароодон өтүп жатат, жыйынтыгында чара көрүлөт.
Кыргызстанда шайлоо тилкелери эртең мененки саат 08:00дө ачылган. Кечки саат 20:00дө добуш берүү аяктайт.
Быйыл парламентке 90 депутат аралаш система менен шайланууда.