Бишкек убактысы боюнча саат 13:00гө карата чет өлкөлөрдө уюштурулган 55 шайлоо тилкеси иштеп баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Учурда 1505 чет жердеги шайлоочу добуш берди.
Жергиликтүү убакыттар боюнча Лондон, Вашингтон, Нью-Йорк, Чикаго шаарларындагы шайлоо тилкелери баарынан кеч ачылат.
COVID-19 коронавирустук инфекциясынын пандемиясына байланыштуу бардык шайлоо тилкелеринде добуш берүү зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен өтүп жатат.
Министрлик өлкөдөн тышкары жашаган мекендештерди шайлоого жигердүү катышып берүүгө чакырат.