Биз менен байланышыңыз

Нур-Султан шаарында шайлоо тилкеси ачылды

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 315 | 0

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоого байланыштуу бүгүн, 28-ноябрда Казакстандын Нур-Султан шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин алдындагы №9028 шайлоо участогу  ачылды.

Шайлоо участкасында мурда жалпы элдик добуш берүүгө катышуучулардын тизмесине киргизилген кыргызстандык жарандар добуш бере алат.

Шайлоо участкасында биринчилерден болуп Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев жана элчиликтин башка кызматкерлери добуш беришти.

Учурда уланып жаткан COVID-19 пандемиясына байланыштуу добуш берүү бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өткөрүлүүдө.

Шайлоо участкасы жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 20:00гө чейин иштейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM