Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 26-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.
Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.
Зымдарда жана бак-дарактарда суу кар топтолот. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+2;
Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…-5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +1…+6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7;
Бишкекте 26-ноябрда кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 0…+2 градус жылуу.