«Империя пиццы» кафесинен суши-ролл жегенден кийин уулангандардын саны 85ке жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир пациент стационардык дарылануудан өтүп жатат. Дарыгерлер абалы жакшы экенин айтышууда. Калган жабырлануучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Эпидемиологиялык иликтөө учурунда дарыгерлерге кайрылгандардын баары борбор калаадагы бир кафенин ар кайсы филиалдарынан тамак жегени белгилүү болгон.
Буга чейин 23-24-октябрь күндөрү Бишкекте Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамакка ууланган 12 киши кайрылганын, анын үчөө — балдар болгонун билдиришкен.