Биз менен байланышыңыз

Ош шаарындагы «Келечек» базарында өрт чыкты

Кыска кабар | 15 Окт 2021 | 594 | 0

Бүгүн, 15-октябрда саат 00:21 чамасында Ош шаарындагы «Келечек» базарында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Келечек» базарынын аймагында ашканадан өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 7 бөлүм, ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары, электр тармагы кызматынан 1 бригада жана милиция кызматкерлери өчүрүүгө жардам берген.

Өрт саат 01:13тө чектөөгө алынып, саат 03:37де толук өчүрүлдү.

Натыйжада ашкана, токардык цех, кийим сатуучу дүкөн, азык-түлүк дүкөнү, текстиль дүкөнү жана жаңы курулуп жаткан дүкөндүн чатыры күйгөн.

Өрттүн кесепетинен болжол менен 700 чарчы метр аянт күйдү. Жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM