Connect with us

Башкы прокуратура: Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе, дароо камакка алынат

Кыска кабар | 4 Авг 2021 | 964 | 0

Мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе же укук коргоо органдары тарабынан алып келинсе, дароо камакка алынат. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Башкы прокуратура белгилегендей, Курманбек Бакиевге карата 2016-жылдын 29-июлунда 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана башка иштер боюнча сырттан сот өкүмү чыгып, 30 жылга эркинен ажыратылган. Мындан улам ал камакка алынууга тийиш.

2010-жылы 7-апрелде Бакиевдин бийлиги кулатылып, 100гө чукул адамдын өмүрү кыйылган. Андан кийин ал Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Учурда ал Беларуста жашап жатат.

Белгилей кетсек, 2-августта «Кумтөр» иши боюнча Кыргызстанга мурдагы президент Аскар Акаев алып келинген. Акаев Кыргызстанга «Кумтөр» иши боюнча кызматташуу үчүн келгенин билдирген. Коом ичинде Акаевдин камакка алынбаганы суроо жаратып, «Бакиев да келиши мүмкүнбү?» деген сөздөр айтыла баштаган.

Башкы прокуратура «Кумтөр» иши боюнча Акаевге шектүү болгондугу тууралуу кабарлама берилгенин жана ал тергөө менен активдүү кызматташып жатканын белгилейт.

УКМК: Аскар Акаев Бишкекке алып келинди

Copyright © 2017 Maral FM