Connect with us

Президент Жапаров Эрдоганга көңүл айтты

Кыска кабар | 2 Авг 2021 | 602 | 0

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Өткөн жуманын соңунда Түркияда токой өрттөнүп, бир нече провинциядагы адам өмүрлөрүн алды жана оор кесепеттерге алып келген.

«Түркиянын бир нече провинциясында чыккан өрттүн себебинен каза болгондор тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул оор мезгилде Түркия элине табигый кырсыктын кесепеттерин жеңип чыгууда кайраттуулукту жана туруктуулукту каалайм. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам, ошондой эле бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат телеграммада.

Copyright © 2017 Maral FM