Connect with us

Кубанычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болду

Кыска кабар | 30 Июл 2021 | 521 | 0

Бүгүн, 30-июлда жаңы шайланып келген Бишкек шаардык кеңешинин алгачкы отурумунда Кубанычбек Конгантиев төрага болуп шайланды.

Жыйында «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан көрсөтүлгөн Кубанычбек Конгантиевдин талапкерлигин 41 депутат колдосо, экөө каршы болду. Дагы экөө добуш берген жок. Ал эми орун басарлыгына «Эмгек» фракциясынан Токтосун Султанов шайланды.

Конгантиев буга чейинки 26-27-чакырылыштын депутаты болгон.

Белгилей кетсек, шаардык кеңешине 6 партия өткөн: «Эмгек» партиясына — 11, «Ата-Журт Кыргызстанга» — 9, «Ишенимге» — 8, «Ынтымакка» — 7, «Өнүгүү-Прогресс» менен «Социал-демократтар» партиясына 5 мандат тийген.

Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалицияга «Эмгек», «Ата-Журт Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ишеним» фракциялары кирди. Коалициянын лидери болуп Таалайбек Дайырбеков тандалып алынды.

Ал эми «Социал-демократтар» менен «Ынтымак» фракциялары оппозицияда калды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM