Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кылабыз

Кыска кабар | 6 Июл 2021 | 3094 | 1

Президент Садыр Жапаров 24.kg сайтына «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандынын Түркиянын чалгын кызматы тарабынан Кыргызстандан чыгарылып кетиши боюнча комментарий берди.

— Садыр Нургожоевич, Түркиянын атайын кызматынын Орхан Инандыны уурдап кетиши боюнча кандай комментарий бере аласыз?

— Орхан Инандынын жоголушу тууралуу ММК жазгандан кийин, сиздер билгендей, мен дароо укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жыйын өткөрдүм. Мен аны тез арада табуу үчүн бардык аракеттерди көрүп, чек араны тыкыр көзөмөлдөөнү тапшыргам.

Ошол эле күнү Орхан Инанды тууралуу толук маалымат алдым. Көрсө, 2016-жылдан бери эле Орхан Инандыны үч жолу урдоо аракети болуптур.

Үчүнчү жолу уурдоо аракети кышында болуп, аны УКМКнын кызматкерлери куткарып калган десе болот. Орхан Инанды менен анын үй-бүлөсү ал тууралуу билген. Анда Камчыбек Кыдыршаевич (УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев) Орхан Инандыга: «Жалгыз жүрбөңүз, жаныңызга жансакчы ала жүрүңүз», — деп эскерткен. Бирок ал ага көңүл бурган эмес.

— Эми эмне болот? Кыргызстан түрк тарапка талап коебу? Кандай талап коюлушу мүмкүн?

— Албетте, талап коебуз! Мен дароо Руслан Казакбаевге элчини чакырып, каршылык нотасын берүүнү тапшырдым. Бүгүн нота берилди.

— Кандай жооп келет деп күтүп жатасыз? Орхан Инандыны кайтарып алууга болобу?

— Түркия тарапка бул маселени койдук. Орхан Инандынын кайтарылып берилишин талап кылабыз.

Азырынча Түркия тараптан расмий жооп келе элек. Алар оозеки түрдө Орхан Инанды алардын жараны экенин, Түркиянын жарандыгынан чыкпагандыгын билдиришти. Биз Түркия тараптын расмий жообун күтүп турушубуз керек.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Ал бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны Кыргызстандан кармап, Түркияга алып келгенин билдирген. Бүгүн, 6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга нота тапшырып, Түркияны Орхан Инандыны Кыргызстанга кайтарып берүүгө чакырды.

ТИМ Түркияны Орхан Инандыны Кыргызстанга кайтарып берүүгө чакырды

1 пикир

1 пикир

  1. Рая

    06.07.2021 18:17

    Бизге ушундай мамиле кылган турктордон баш тартышыбыз керек. Аларга кошумча кимдер жардам берди аларды тактап саткындарды…. жазага тартыш керек. Чабал иштеген укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук комитетинде оз ишин так билбеген адистер экенин айкындашты…кадр маселеси дагы да болсо аксайт экен да. Болбосо С жапаров озу тапшырма берген эмне учун так аткара алышпады…же болбосо котур ташы койнунда ушундай окуя болушун тилеп атайын кылышты …

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM