Биз менен байланышыңыз

Жайкы окутуу. Мугалимди моралдык жактан колдоо маанилүү

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 1443 | 0

Бүгүн, 2-июль Мугалимдердин жайкы мектебинин акыркы күнү. Алар 27-июндан бери Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында эс алуу менен бирге семинарларга катышып жатышат.

2-июль күнү профессор Назгүл Ибраева «эмоционалдык чарчоодон арылуунун жолдору» тууралуу сабак өттү.

Назгүл Ибраева мугалим үчүн моралдык жактан эс алуу маанилүү экенин белгилейт. Себеби маанайы жарык мугалим окуучуларына да жакшы көңүл бурат.

Мугалимдин түйшүктүү ишинде стресс көп болуп, ал моралдык жактан чарчайт. Ал үчүн сөзсүз өзүнө көңүл бөлүп, эс алууну да билиши керек дейт, адис.

Ошондой эле медиа сабаттуулук, сабак өтүүнүн түрдүү ыкмалары жөнүндө жаш окутуучу Бийик Рыскуловдун тренинги да мугалимдерге жакты.

Мындан тышкары, Нарын районунун мектеп директору Мирзат Мамбетова окуучунун шык-жөндөмүн арттыруу тууралуу тажрыйбасы менен бөлүштү.

Күндүн экинчи жарымында мугалимдер кеме менен Көлдү кыдырышты. Андан кийин ар бир мугалимге «Окуучу күткөн мугалим» аталышында III республикалык жайкы мектебине жигердүү катышкандыгы сертификаттар тапшырылды.

Ал эми кечинде «Сейтек» балдар борборунун окуучулары гала концерт коюшту. Анда мугалимдер да бийлешти. Бул жайкы фестивалдын жабылыш аземи болду.

Фестивалдын жабылыш аземине Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев да чакырылган. Бирок ал иш-чарага келген жок.

27-июндан 3-июлга чейин Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы жана «Сейтек» балдар борбору III республикалык жайкы мектебин уюштурууда.

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 100гө жакын мугалим эс алууну окуу менен айкалыштырып жатат.

Ошондой эле «Сейтек» балдар борборунун 85 жылдыгына карата жайкы XIV фестивалы өтүүдө. Ага катышып жаткан 300дөй окуучу күн сайын өз таланттарын көрсөтүп, ар кандай маданий, спорттук иш-чараларга катышышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM